
Кызматтын Чүй облустук бөлүмү Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү
21.11.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 21-ноябрында Аксы райондук мамлекеттик администрциясынын Социалдык өнүгүү секторунун башчысы Н.Дыйканбаева, Аксы райондук мамлекеттик салык кызматынын инспектору Өмүралы уулу С. жана Аксы район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери В.Турсунбекова менен биргеликте Аксы районунун Кербен шаарында социалдык маанилүү товарларга жана нан менен көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Сатуучуларга нан менен көмүрдүн дүң жана чекене бааларынын максималдуу деңгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйруктар менен тааныштырып, аталган буйруктардын аткарылышы боюнча сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мониторингдин алкагында Аксы районунун Кербен шаарындагы набайканаларда 262гр тандыр нанынын дүң баасы 24,00 сомдон ал эми 296гр тандыр нанынын дүң баасы 25,00 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.
Нан сатуучу жайларда 396гр тандыр нанынын чекене баасы 35,00 сомдон сатылып жаткандыгы белигилүү болду, мындан сырткары Аксы районунун Кербен шаардык мэриясынын демилгеси менен уюштурулган социалдык ун сатуучу жайда, Казахстандын буудайынан Кыргызстанда өндүрүлгөн 1-сорттогу буудай унунун 1 кабы (50кг) 1500 сомдон сатылып жаткандыгы жана Кербен шаарында нанга, унга болгон баалар туруктуу экендиги аныкталды.
Аксы районунун Кербен шааарындагы көмүр сатуучуларга көмүрдүн белгиленген баалары боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көмүрдүн белгиленген бааларынан жогору саткандарга жаза-чаралары колдонулары эскертилди.








