
Кызматтын Чүй облустук бөлүмү нан (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) белгиленген максималдуу дүн жана чекене бааларына мониторинг жүргүзүштү
21.11.2023
Талас облусунун Бакай-Ата районунда көмүр сатуучуга айып пул салынды
21.11.2023Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №129 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн (мындан ары–Бөлүм) 2023-жылдын 9-октябрындагы №4/27 буйругу менен, Ош облусунун аймагында сатылуучу биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарынын (тандыр нан) чекене жана дүн баасынын жогорку чектик денгээли белгиленди. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө максатында, 2023-жылдын 21-ноябрь күнү Бөлүмдүн кызматкерлери, Кара-Суу райондук администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунун аймагында нан жасоочуларга жана нан сатуучуларга, биринчи сорттогу буудай унунан жасалган бөлкө жана тандыр нандын чекене жана дүң баасынын жогорку чектик денгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө Кара-Суу районунун базарынын аймагында сатылып жаткан 240 грамм тандыр нандын чекене баасы 22 сомдон, ал эми 300 грамм тандыр нандын чекене баасы 30 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.





