
Кызмат тарабынан Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилерин камтыган иш-аракеттерди (аракетсиздикти) токтотуу жөнүндө эскертүү берилди
20.11.2023
Талас шаарындагы ири дүкөндөрдүн бирине айып пул салынды.
20.11.2023«Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндөгү» №133 токтомунун аткарылышы боюнча, комиссия түзүлүп.
Курамында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү, Нарын шаар мэриясы, Нарын шаардык салык кызматы, Нарын шаардык муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларга мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда айрым көмүр сатуучу жайларда, баанын илинбегендиги, таразалардын жоктугу боюнча көмүр сатуучу ишкерлерге бааны арзандатуу жана бааларды көрүнүктүү жерге жайгаштыруу, таразаны камсыз кылуу боюнча эскертүүлөр жана тийиштүү билдирүүлөр берилди. Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча» «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын нормаларынын сакталышы боюнча көмүр сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүдү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде берилген эскертүүлөр өз убагында аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексине ылайык чара көрүлөрү маалымдалды. Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери менен биргеликте мониторинг жүргүзүүнү дагы улантат. Учурда көмүрдүн баасы 1тн 5000 сомдон 1 кг 5,50 сатылууда.
Бүгүнкү күнгө көмүр боюнча абал туруктуу.






