
Талас облусунун Талас районунда көмүр сатуучуларга айып пулдар салынды
16.11.2023
Бишкекте нан менен көмүр баасы боюнча айып пул салынды
17.11.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 16-ноябрында Ош шаарындагы ири делген Ош-маркет жана Сити-маркет соода түйүндөрүнө сатылып жаткан нан азыктарына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө 300-310 гр тандыр нан 30 сомдон, , ал эми 390гр. бөлкө нан 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Тагырагы монополияга каршы орган тарабынан белгиленген баадан ашыкча сатылган фактылар аныкталаган жок.
Белгилей кетсек Ош шаарынын аймагында бөлкө нандын максималдуу деңгээли 1 кг. дүң баасы 56,5 сомдон, чекене баасын 65,0 сом, нан азыктарына (тандыр нан) дүң баасы 89,0 сом жана чекене баалары 100,0 сомдон белгиленген.
Мындай иш-чаралар байма-бай жүргүзүлүп турмакчы.






