
Жалал- Абад облусунун Сузак районунда көмүр саткан ишкерге айып пул салынды
16.11.2023
Ош шаарынын нан азыктарына мониторинг жүргүзүлдү
17.11.20232023-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкери, Талас райондук укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өкүлдөрү менен биргеликте, Талас районунун айыл аймактарында жайгашкан көмүр сатылуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө, буга чейин Талас районунда көмүр саткан ишкерлерге буйруктар таркатылып, бир нече оозеки эскертүү жана көрсөтмөлөр берилгенине карабастан, керектөөчүлөргө көмүрдүн бааларын көрүнүктү жерге илинбегендиги аныкталып, 4-көмүр саткан ишкерге Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 390-беренесинин 4 – бөлүгүн негизинде ар бирине 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө айып пулдар салынды.
Учурда Талас районунда көмүрдүн баасы буйрукта белгиленген чектен ашпай сатылып жатканы аныкталды.






