
Нарын шаарында көмүргө жүргүзүлгөн мониторинг боюнча
14.11.2023
Ош облусунун Кара-Суу райондун Шарк айылынын нан азыктарына мониторинг жүргүзүлдү
14.11.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Майлуу-Суу шаарында, шаардык мэриянын башкы адиси Н.Мусаева жана Салык кызматынын башкы инпектору Ш.Талиповдор менен бирдикте 2023-жылдын 13-ноябрында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда Майлуу-Суу шаарынын аймагында жайгашкан соода түйүндөрүндө 330-350 гарммдык нандын баасы 30,00 сомдон сатылуула.
Ал эми 400-406 гр. бөлкө наны нан бышыруучу цехте дүң баада 27,00 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталып, белгиленген максималдуу баадан жогору сатып жаткандыгы үчүн жазма эскертүү берилди.
Көмүргө болгон баа, тоннасы 4500-5000 сомдон сатылууда.
Нандын, көмүрдүн бааларынан сырткары, мониторинг учурунда Майлуу-Суу шаарындагы соода түйүндөрүндө ун, өсүмдүк майы, эт жана башка социалдык маанилүү товарларды сатуучуларга бааны негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.









