
Мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенден тартып Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды мамлекеттик жөнгө салуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалымат
11.11.2023
Талас шаарындагы ири дүкөндөрдүн бирине айып пул салынды.
13.11.2023Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №129 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн (мындан ары–Бөлүм) 2023-жылдын 9-октябрындагы №4/27 буйругу менен, Ош облусунун аймагында сатылуучу биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарынын (тандыр нан) чекене жана дүн баасынын жогорку чектик денгээли белгиленди. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө максатында, 2023-жылдын 11-ноябрь күнү Бөлүмдүн кызматкерлери, Кара-Суу райондук администрациясынын, айыл өкмөтүнүн жана салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунун аймагында нан жасоочуларга жана нан сатуучуларга, биринчи сорттогу буудай унунан жасалган бөлкө жана тандыр нандын чекене жана дүң баасынын жогорку чектик денгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Памир көчөсүндө 1 нан жасоочу жай 468 граммдык нанды 50 сомдон сатып жаткандыгы аныкталып, белгиленген баадан 3,20 сомго жогору сатып жаткандыгы үчүн 3000 сом айып пул салынды. Андан сырткары, 2 нан жасоочу жайга белгиленген нандын баасы жөнүндө маалыматтын жоктугу (илбегендиги) үчүн 1000 сомдон айып пулдар салынды.





