
Ош облусунун Кара-Суу районунда нан азыктарына мониторинг жүргүзүлдү
11.11.2023
Ош облусунун Ноокат районунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
13.11.20232023-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жана Талас шаарынын мэриясынын өкүлү – А. Тайсариева менен биргеликте Талас шаарындагы дүкөндөргө мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында Талас шаарынын И. Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан “Эконом” маркетинде 1 сорттогу буудай унунан жасалган 330 гр салмактагы бөлкө нан -25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Талас облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 9-октябрындагы “Талас облусу боюнча 90 календардык күнгө 1-сорттогу буудай унунан жасалган нандын (бөлкө нан), нан азыктарынын (тандыр нан) чекене бааларынын максималдуу децгээлин белгилөө жөнүндө” №9 сандуу буйруктун талабы боюнча 330 грамм салмактагы бөлкө нан – 21,50 сомдон сатылуусу зарыл. Ал эми белгиленген дүкөндө бөлкө нан 3 сом 50 тыйынга жогору сатылып жаткан. Буйруктун талаптарын аткарбагындыгы үчүн “Эконом” маркетинин ээсине Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 290-беренесине ылайык 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.




