
Кызматтын Чүй облустук бөлүмү жана борбордук аппараттын кызматкерлери Чүй облусунда көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларына мониторинг жүргүзүштү
03.11.2023
Таласта нан менен көмүр баасына мониторинг жүргүзүлдү
10.11.2023Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Жумагазиевдин тапшырмасынын негизинде 2023-жылдын 8-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери КРП Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери жана райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басарлары менен биргеликте көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларга мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг жана түшүндүрүү иштери Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата райондорунда жана Токмок шаарында жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда көмүр сатуучу жайларда, баанын илинбегендиги, таразалардын жоктугу жана көмүрдүн белгиленген баадан ашык саткан учурлар аныкталды. Жыйынтыгы менен көмүр сатуучу ишкерлерге бааны арзандатуу жана бааларды көрүнүктүү жерге жайгаштыруу, таразаны камсыз кылуу боюнча ооз эки эскертүүлөр берилди
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде берилген эскертүүлөр өз убагында аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин ылайык чара көрүлөрү маалымдалды.
Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери менен биргеликте мониторинг жүргүзүүнү дагы улантат.








