
Базар-Коргон районунда социалдык жактан маанилүү болгон товарларга жана анын ичинде нан азыктарына,көмүрдүн белгиленген бааларына маниторинг жүргүзүлдү
02.11.2023
Ош облусунун Кара-Кулжа районда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
02.11.20232023-жылдын 2-ноябрында Бишкек шаарынын аймагында 1-сорттогу ундан жасалган буудай нанына (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды жөнгө салуу максатында, КР экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарынын Свердлов районунда биринчи сорттогу ундан жасалган буудай нанына максималдуу бааларды сактоо маселеси боюнча иш-чаралар (мониторинг) жүргүзүлдү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө Бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча бааларды жана ченөө каражаттарын белгилөө жолу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 290-беренесине ылайык Восток-5 кичирайондо жайгашкан тандырдын ээсине административдик айып салынды жана Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын ченемдерин бузууну токтотуу жөнүндө эскертүү берилди. Бул багыттагы иштер улантылат, күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө





