
Ноокат районунда нан бааларына мониторинг
30.10.2023
Нарын облусунда нан бааларына мониторинг жүргүзүлдү
30.10.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №10 буйругана ылайык Ош шаарынын аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленген.
Жогорудагы буйрукту тааныштыруу максатында жана шаар калкынын көмүр сатып алууда экономикалык абалына терс таасирин тийгизбөө, социалдык жактан аялуу катмарын баалардын негизсиз, кымбат баадан коргоону камсыз кылуу максатында 2023-жылдын 27-октябрында Ош шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен биргеликте Ош шаарынын Мамыров көчөсүндөгү көмүр сатуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээли эленгени 1кг – 7 сомдон, эленбегени 1т -6500 сомдон, белгиленгени жөнүндө маалыматтар айтылып, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, баалар жөнүндө маалыматтар илиндирилди.
Жогорудагыдай иш-чаралар шаардын бардык аймактарында белгиленген графике ылайык жүргүзүлүп турмакчы.


