
Араван районунда нандын баасына мониторинг жүргүзүлдү
27.10.2023
Ноокат районунда нан бааларына мониторинг
30.10.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте шаардын Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы соода түйүндөрүндө сатылып жаткан нан азыктарына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен наабайканаларда 250-260 гр тандыр нан дүң баада 22 сомдон, чекене баада 25 сомдон, ал эми 390гр.бөлкө нан чекене баада 25 сомдон, сатылып жаткандыгы аныкталды.
Ал эми Ош шаарынын Курманжан-Датка Т.көчөсүнүн №246 дарегинде жайгашкан “Ак-Ниет” гипермаркетине тандыр нандын баасын белгиленген баадан 3 сомго жогору саткандыгы аныкталды. Тагырагы 270гр нан 27 сомдон сатылуусу керек болсо, бул дүкөндү 30 сомдон сатылган. Жыйынтыгында жеринде акт фиксация түзүлүп, дүкөн ээсине 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Белгилей кетсек “Ак-Ниет” гипермаркети Ош шаарындагы ири дүкөндөрдүн бири.



