
Талас облусуна нан азыктарынын бааларына жүргүзүлдү.
24.10.2023
Ош облусунда нан бааларына мониторинг жүргүзүлдү
25.10.2023Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №129 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн (мындан ары–Бөлүм) 2023-жылдын 9-октябрындагы №4/27 буйругу менен, Ош облусунун аймагында сатылуучу биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарынын (тандыр нан) чекене жана дүн баасынын жогорку чектик денгээли белгиленди. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө максатында, 2023-жылдын 24-октябрь күнү Бөлүмдүн кызматкерлери, Борбордук аппараттын, Кара-Суу райондук администрациясынын жана салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунда нан жасоочуларга, биринчи сорттогу буудай унунан жасалган бөлкө жана тандыр нандын чекене жана дүн баасынын жогорку чектик денгээли белгилендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө сатылып жаткан тандыр нандын дүң баасы 255-280 грамм 22-23 сомдон, чекене баасы 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.
Мониторинг учурунда 1 нан жасоочу жай 282 граммдык нанды 30 сомдон сатып жаткандыгы аныкталып, бааны төмөндөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилди.







