
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
24.10.2023
Ош облусунда нан баасына мониторинг жүргүзүлдү
25.10.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы № 129 жана Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын 2023-жылдын 05-октябрындагы № 51 “Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу унунан жасалган нан (бөлкө нан) нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” буйруктарынын негизинде кабыл алынган Талас облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 9-октябрындагы № 9 «Талас шаарынын аймагында 90 күндүк мөөнөткө биринчи сорттогу унунан жасалган нан (бөлкө нан) нан азыктарына (тандыр нан) баанын максималдуу деңгээлин белгилөө жөнүндө», буйругун аткаруу максатында иш-чаралар жүргүзүлдү.
2023-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү «УТРК Талас» телерадиокомпаниясы, Талас шаардык мэриясын өкүлү жана Талас шаардык мамлекеттик салык кызматынын кызматкери менен биргеликте, Талас шаарындагы нан (бөлкө нан) жана нан азыктарынын (тандыр нан) чекене сатуу менен алектенген чарбекер субъекттер, супер маркет, кичи маркет жана баардык нан сатылуучу жайларга мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Нандын белгиленген чектен ашып саткан ишкерлерге эскертүүлөр берилди.
Андан сырткары, бул иш-чаранын жүрүшүндө бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.





