
Ош облусунда нан бааларына мониторинг жүргүзүлдү
25.10.2023
Баткен облусунда нан азыктарынын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
26.10.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, борбордук аппараттын кызматкерлери менен бирдикте шаардын жана Сузак районунун базарларында, соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен Сузак районунда наабайканаларда 250-260 граммдык тандыр нан дүң баада 22 сомдон, чекене баада 25 сомдон, ал эми 360гр.бөлкө нан чекене баада 24 сомдон, 425гр.бөлкө нан 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.
Мониторинг учурунда Сузак районунун бир канча соода түйүндөрүндө 365-370 граммдык бөлкө нанды 25 сомдон, 270-280гр. тандыр нанды 30 сомдон сатып жаткандыгы аныкталып, бааны төмөндөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилди.
Мындан сырткары “Азия Ритейл” жабык акционердик коомунун Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков көчөсүнүн №46а жайгашкан гипермаркетине тандыр нандын баасын белгиленген баадан 3,97 сомго жогору саткандыгы үчүн 13000 сом айып пул салынды.





