
Кара-Балта шаарында нан бааларына мониторинг уланууда
20.10.2023
Бишкек шаарында нан бааларына мониторинг жүргүзүү уланууда.
20.10.2023Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №133 буйругун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү (мындан ары – Бөлүм) тарабынан 2023-жылдын 25-октябрына чейин тактоо иштери жүргүзүлүп, көмүргө болгон баалардын максималдуу деңгээли белгиленет. Баалары белгиленгенден кийин, Бөлүм тарабынан белгиленген баалар көзөмөлгө алынып тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлөт. Андан сырткары, Бөлүм тарабынан көмүр казуучу ишканалардын жер-жерлерде топ базаларын ачуу, жетиштүү көлөмдө көмүр менен камсыз кылуу жана калкка арзан баада сатуу боюнча сунуштар берилген. Мисалга алсак, азыркы учурда: – Кара-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ЖЧК “Кожо-Келен-Ата”, ЖЧК “Омега уголь” көмүр казуучу ишканалары менен макулдашып, баасы 5 сомдон болгон көмүрдү калкка жеткирүү үчүн райондун аймактарынан 19 көмүр сатуучу пункт даярдалып, бүгүнкү күндө Катта-Талдык айыл аймагына 28 тонна, Нариман айыл аймагына 100 тонна, Жоош айыл аймагына 30 тонна


