
Алай районунда нан бааларына мониторнинг жүргүзүлдү
16.10.2023
Жалал-Абад шаарында базар жетекчилери менен жыйын өттү.
17.10.2023Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна ылайык социалдык маанидеги нанга жана нан азыктарына баанын өсүшүнө жол бербөө, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы № 129 «Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2023-жылдын 9-октябрында «Чуй облусунун аймагында 90 календардык күндүк мөөнөткө биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) баалардын максималдуу деңгээли белгилөө жөнүндө» буйрук чыгарылды. Чүй облусунун аймагында 1 сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) максималдуу дүң жана чекене баалар төмөнкүдөй деңгеээлде белгиленди:

Мониторингдин жүрүшүндө нан азыктарын өндүрүүчүлөр (нан бышыруучулар) жана сатуучулар « Чуй облусунун аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) баалардын максималдуу деңгээли белгилөө жөнүндө» буйрук менен таанышты, ошондой эле нан азыктарын сатуучулар/таратуучулар арасында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө, Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдардын ченемдерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Чуй облустук бөлүмүнүн бул багыттагы иштери мындан ары да улантылат.





