
Нанга болгон баага мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди
05.10.2023
Нандын баасы белгиленди
10.10.2023Нан баасына мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилиши менен нан рыногундагы бааларды бир калыпта кармоого, калкты туруктуу баадагы нан менен камсыз кылууга өбөлгө түзүп, нан менен алып-сатарлык кылган ортомчулардын ыксыз пайда көрүүсүн токтотот. Андан сырткары Кызмат калктын эң көп суроо-талабына ээ болгон тандыр нандарынын бааларын көзөмөлдөп, керектөөчүлөр үчүн шарт түзүүнү көздөөдө.
Ушул максатта 2023-жылдын 6-октябрь күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында Бишкек шаарынын мэриясынын 4 районунун жетекчилери катышкан жыйын өттү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы №129 буйругу менен Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанга (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилиши боюнча талкууланып, Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) дүң жана чекене баалардын максималдуу деңгээлин белгилөө боюнча, облустук түзүмдөрдүн жетекчилерине тапшырмалар берилди.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 220 наабайкана бар. Кызмат нан бааларын туруктуу кармоо боюнча, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен күн сайын биргелешкен мониторинг жүргүзүүнү пландоодо.
Социалдык маанидеги товарларга (1-сорттогу сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктары (тандыр нан) бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин, ошондой эле Соода жүргүзүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталган учурда, Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт.
Нандын дүң жана чекене баалары буйрукка ылайык 3 күндүн ичинде белгиленет.



