Нарында жарнама мыйзамын бузгандыгы үчүн айып пул салынды
05.10.2023
Нанга болгон баага мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди
06.10.2023Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы №129 буйругу менен Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанга (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.
Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) дүң жана чекене баалардын максималдуу деңгээли белгиленет.
Социалдык маанидеги товарларга (биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктары (тандыр нан) бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин, ошондой эле Соода жүргүзүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталган учурда, Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт.


