
Урматтуу ишкерлер!
04.10.2023Нарында жарнама мыйзамын бузгандыгы үчүн айып пул салынды
05.10.2023Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги №220 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомунун негизинде, Ош облусунда көмүр рыногунда болгон баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана үзгүлтүксүз камсыздоо максатында, 2023-жылдын 3-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн орун басары З.Т. Тургунбаев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Ы.Ж. Осмонов, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы Т. Мамашов, Ош облусунун мамлекеттик администрациялардын башчыларынын – акимдеринин биринчи орун басарлары, Ош облусунун көмүр казуучу ишканаларынын ассоциациясы жана Ош облусундагы көмүр казуучу ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйында көмүр казуучу ишканалардын жетекчилери азыркы учурда көмүр үзгүлтүксүз казылып, элге жана мекеме ишканаларга берилип жаткандыгын билдиришти. Андан сырткары, көмүр казуучу ишканалардын Ош облусунун райондорунда топ базаларын ачуу, жетиштүү көлөмдө көмүр менен камсыз кылуу, топ базаларга ортомчулардын катышуусуз жеткирүү жана калкка арзан баада сатуу боюнча сунуштар берилди.




