
1-сорттогу унга болгон баалардын абалы туруктуу
27.09.2023
Баткен шаарында нан рыногунун ишкерлеринин жыйыны өттү
28.09.2023Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жыйындар залында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары А. Мамыралиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т. Мадияров, Кызыл-Кыя шаарынын мэри А. Маткалыковдун катышуусунда, нан рыногунун ишкерлери менен жыйын өттү. Жыйында Баткен облусунда нан бааларын туруктуу кармоо, бааларды негизсиз жогорулатпоо, калкты нан менен жеткиликтүү камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары А. Мамыралиев, жергиликтүү наабайчыларга ата мекендик өндүрүштөгү ундарды пайдалануу сунушун берди. Бул нан бааларын туруктуу кармоого негиз болорун айтты. Сунушту ишкерлер колдоорун билдиришти.




