
Таласта ун тартыштыгы жок
26.09.2023
Жалал-Абад шаарында ун баалары туруктуу.
26.09.2023Көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатпоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүн соодалоо эрежелерин сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмү (мындан ары – Бөлүм) үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында. жыйын болуп, Бишкек шаарындагы жергиликтүү көмүрүн (Кара Кече) сатуучу соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Бөлүм тарабынан Бишкек шаарында көмүрдү керектүү көлөмдө жана көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатпоо жана алдын алуу боюнча негизги маселелер айтылды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында, башкармалык соода түйүндөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырды.



