Жазаларды аткаруу кызматынын № 23 мекемеси тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскуранты макулдашылды
08.09.2023Аламүдүн районунда “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү
08.09.2023 2023-жылдын 7-сентябрында кум шекер менен калкты жеткиликтүү баада камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары-Кызмат) тарабынан “Кайынды Кант” ААК, “Кошой” ААК жана “Умай групп” ЖЧК (Народный, Глобус, Достук), “Азия Ритейл” ЖАК (“Азия” ГМ), ошондой эле “Боорсок Инвест” (Алма) ЖЧК, “Шекер” оптомаркети менен калк үчүн кум шекерди сатуу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлдү.
Бул Макулдашуунун алкагында биллинг системасы бар соода түйүндөрү кум шекерди суткасына 1 кг колуна берүүнү чектөө менен бир лоялдуулук картасы боюнча өндүрүүчүлөрдүн заводдорунун дүң-өткөрүү баасына 2 сом/кг жогору эмес, 1 кг ашык 7 сом/кг жогору эмес үстөк менен сатышат. Биллинг системасы жок соода түйүндөрү кум шекерди өндүрүүчү заводдордун дүң-сатуу баасына 5 сом/кг ашпаган үстөк менен чекене баада сатат.
Кызмат Келишимден келип чыккан милдеттенмелерди алууга даяр болгон башка соода түйүндөрү үчүн ачык экенин белгилейт.


