
Социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө
05.08.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 3-августунда Сузак районунун борбордук базарындагы социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда сатуучуларга Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндөгү” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү” мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында, Сузак районунун борбордук базарындагы социалдык жактан маанилүү товарлардын баалары төмөндөгүчө аныкталды:
| № | Азык-түлүктүн аталышы | Азык-түлүктүн базар баасы кг/сом, л/сом | ||
| төмөнкү | жогорку | орточо | ||
| 1 | Ун 1-сорт | 30,00 | 40,00 | 35,00 |
| 2 | Ун 2-сорт | 22,00 | 30,00 | 26,00 |
| 3 | Уй эти | 540,00 | 550,00 | 545,00 |
| 4 | Кой эти | 580,00 | 600,00 | 590,00 |
| 5 | Тазаланган күн карама майы | 100,00 | 130,00 | 115,00 |
| 6 | Картошка | 35,00 | 50,00 | 42,50 |
| 7 | Пияз | 33,00 | 35,00 | 34,00 |
| 8 | Сабиз | 35,00 | 45,00 | 40,00 |
| 9 | Күрүч (жергиликтүү Өзгөндөн башка) | 110,00 | 170,00 | 140,00 |
| 10 | Кум шекер | 83,00 | 90,00 | 86,50 |
| 11 | Помидор | 30,00 | 35,00 | 32,50 |
| 12 | Бадыраң | 30,00 | 50,00 | 40,00 |
Сузак районунун борбордук базарында жана соода түйүндөрүнө мониторинг жүргүзгөн учурда, сатуучулар кээ бир сезондук товарлардын (азык-түлүктүн) баалары жогорулап, төмөндөп туруусу убактылуу көрүнүш экендигин, ал эми айрым товарлар, тактап айтканда май, ун, кумшекер жана башка ушул сыяктуу азык-түлүктөр мурдагыга салыштырмалуу арзандаганын билдиришти.
Мындан арыда облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан ушундай иш-чаралар улантылат.





