

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Талас облустук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен бекитилген комиссия курамы менен биргеликте, Талас облусунун Айтматов жана Манас райондоруна Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сакталышын көзөмөлдөө максатында масштабдуу мониторинг жүргүзүштү. Аталган комиссиянын курамына, райондук мамлекеттик администрациянын башчылары, жалпыга маалымдоо каражаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлдөрү бекитилген. Мониторингдин жүрүшүндө Манас жана Айтматов районундагы жарнама таратуучулар арасында бир катар мыйзам бузуучулуктар табылып, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин 3 жана 4 пункттарына туура келбеген жарнамалар табылып, жарнама таратуучуларга аткаруу мөөнөтү менен мыйзам бузуучулукту четтетүүгө көрсөтмөлөр таратылды. Мониторингдин жыйынтыгында Талас облустук бөлүмдүн кызматкерлери «Талас ТВ» телеканалына интервью беришти. Аталган иш чара мындан ары Бакай-Ата, Талас райондорунда жана Талас шаарында түзүлгөн комиссия менен биргеликте улантылмакчы.






