

Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция Министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Талас облустук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” №220 токтомун жүзөгө ашыруу максатында жүргүзүлгөн төмөндөгүдөй иштер тууралуу маалымат берет.
Ушул жылдын 22-июнунда, Монополияга каршы Кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматкерлери, Ч. Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары, жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана ЖМК кабарчылары менен биргеликте Маймак станциясындагы көмүр базаларынын көмүр отунуна болгон бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингтин жыйынтыгында, Маймак станциясынын отун базаларында Кара-Жыра көмүрү тоннасы 6300-6500го чейин сатылууда.
26-майында коңшу Казахстан Республикасы тарабынан көмүр отунун ташууга тыюу салынганына байланыштуу, көмүр отуну менен камсыздоо, таңкысдыкты алдын алуу жана башка көйгөйлөрдү чечүү максатында Маймак станциясына темир жол аркылуу көмүрдү дүңүнөн ташыган ишкерлер менен жеринен жолугушуулар өткөрүлдү.

