Керектөөчүнүн арызы канааттандырылды
21.06.2023
Жети-Өгуз жана Тоң районундорунда мониторинг жүргүзүлдү
21.06.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 21-июнь күнү Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун базарларында жана ири соода дүкөндөрүндө эттин бааларына жана социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө, Кара-Кулжа районунда уй этинин 1 кг чекене баасы – 550 сомдон, кой этинин 1 кг чекене баасы – 600 сомдон, ал эми Өзгөн районунда уй этинин 1 кг чекене баасы – 520 сомдон, кой этинин 1 кг чекене баасы – 600 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Мониторингдин жыйынтыгында, сатуучуларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын так аткаруу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.





