
Эт баасына мониторинг
21.06.2023Керектөөчүнүн арызы канааттандырылды
21.06.2023Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2023-жылдын 6-июнундагы №148 Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Жети-Өгүз жана Тоң райондук мамлекеттик администрацияларында райондогу айыл аймактардын башчыларынын, чакан жана ири соода түйүндөрүнүн, жергиликтүү ММК өкүлдөрүнүн катышуусунда Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында, анын ичинде Жети-Өгүз жана Тоң районундорунда полимер пленкасынан жасалган баштыктарды колдонууга жана сатууга тыюу салуу боюнча талкуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле ишкерлер, сатып алуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, соода түйүндөрүндө маалыматтык баракчалар таратылды. Бул багыттагы иштер тиешелүү кызматтар менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт.





