
Басмакана өкүлдөрүнө мамлекеттик символдор боюнча жыйын өткөрүлдү
15.06.2023
Араван районунун базарында эттин бааларына жана социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлдү
16.06.2023«Амур.kg» жана «Таев костюмдары» дүкөндөрү, ошондой эле «Имарат строй» курулуш компаниясы КР «Жарнак жөнүндө» мыйзамын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы «Амур.kg» жана «Таев костюмдары» дүкөндөрүнө, ошондой эле «Имарат строй» курулуш компаниясына карата аттуу Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 403-беренесине ылайык жаза колдонуу жөнүндө токтом чыгарган. Чечимге “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5- беренесинин 3-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак мамлекеттик жана расмий тилдерде таркатылат жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча, кошумча түрдө Кыргыз Республикасында жашаган улуттардын тилдеринде. «Амур.kg» жана «Таев» кийим-кече дүкөндөрү, ошондой эле «Имарат строй» курулуш өнөктүгү тараткан жарнактарда мамлекеттик тилде маалымат болгон эмес. Мындан тышкары, КР «Жарнак жөнүндө» мыйзамын бузууларды токтотуу боюнча буйруктар чыгарылды.





