
КР «Жарнак жөнүндө» мыйзамын бузгандыгы үчүн «Амур.kg» жана «Таев костюмдары» дүкөндөрүнө, ошондой эле «Имарат строй» курулуш ишканасына айып салынды.
16.06.2023
Баткен шаарында банктык төлөм карталарын жана электрондук акчаларды кабыл алуу жана тейлөө боюнча мониторинг жүргүзүлдү
16.06.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 15-июнунда Араван районунун базарында эттин бааларына жана социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө уй этинин 1 кг чекене баасы – 550 сомдон, ал эми кой этинин 1 кг чекене баасы – 600 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Мониторингдин жыйынтыгында, сатуучуларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын так аткаруу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.





