
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Тайлаков К.Д. КМШга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды биргелешип иликтөө боюнча штабдын Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин отурумдарына катышты
12.06.2023
«Глобус» жана «Фрунзе» соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү
13.06.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 12 июнда Баткен шаарларында жарнама мыйзамынын сакталышын көзөмөлдөө жана мыйзам бузууларды болтурбоо багытында мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг жүргүзүү учурунда, Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 3,4-пунктарынын бузуу фактысы аныкталган. Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 3,4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасында жашаган элдердин эне тилдеринде кошумча таратылат, эгерде жарнак берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, жарнакта лицензиянын номери, ошондой эле ошол лицензия берген органдын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш. Мониторинг жыйынтыгы менен, Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамын бузуусу бар Баткендеги “УЗИ” кабинетине, “УКОЛ-24 саат” процедура кабинетине, “Экспресс Плюс” лабораториясына жана “Ден-Соолук” медициналык борборунун ээлерине жазма эскертүү (предписание) берилди жана кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.






