
Көмүрдүн бааларын бекитүү боюнча
09.06.2023
Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы соода түйүндөрүндө түшүндүрүү иштерин жүргүздү
12.06.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын Экономика бөлүмүнүн Инвестиция тартуу жана ишкердикти колдоо боюнча жетектөөчү адиси Б.М.Абдукааров, Ала-Бука райондук салык кызматынын Көзөмөл жана карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн улук инспектору А.Ж.Умаровдун катышуусу менен 2023-жылдын 8-июнь күнү, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 24-майындагы №01-14/1141 сандуу катынын жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” жана “Атаандаштык жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде, Ала-Бука районунун борбордук базарына жана ири соодо түйүндөрүнө, социалдык жактан мааниге ээ болгон товарларга биргелешкен мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр аныкталды:
| № | Аталышы | кг/сом | ||
| төмөнкү | жогорку | орточо | ||
| 1 | Буудай уну 1-сорт (таразага тартылганы) | 26,00 | 42,00 | 34,00 |
| 2 | Буудай уну 2-сорт (таразага тартылганы) | 24,00 | 34,00 | 29,00 |
| 3 | Кой эти | 580,00 | 580,00 | 580,00 |
| 4 | Уй эти | 480,00 | 480,00 | 480,00 |
| 5 | Кумшекер | 90,00 | 95,0 | 92,50 |
| 6 | Тазаланган күн карама майы | 100,0 | 130,0 | 115,0 |
| 7 | Картошка (жаӊы) | 33,00 | 40,00 | 36,50 |
| 8 | Сабиз | 45,00 | 50,0 | 47,5 |
| 9 | Пияз | 40,00 | 45,00 | 42,5 |
| 10 | Бензин АИ-92 | 57,4 | 57,4 | 57,40 |
| 11 | Дизелдик отун | 71,80 | 72,00 | 71,90 |
| 12 | Цемент | 8,00 | 8,20 | 8,10 |
Социалдык жактан маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Ала-Бука районунун борбордук базарындагы жана ири соода түйүндөрүнүн сатуучуларына бааларды негизсиз жогорулатпоо максатында Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндөгү” жана “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарын түшүндүрүштү. Мониторингдин жыйынтыгында Ала-Бука районунун аймагында социалдык мааниге ээ товарларга жана азык-түлүктөргө болгон баалар туруктуу, жана негизсиз бааларды көтөргөн учурлар жок экендиги аныкталды. Мындан арыда бөлүм тарабынан социалдык мааниге ээ болгон товарларга жана азык-түлүктөрдүн бааларына болгон мониторинг жана сатуучуларга түшүндүрүү иштери күн сайын уланмакчы.


