
Социалдык маанилүү товарларга мониторинг
29.05.2023
2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маалымат
30.05.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү “Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жалпы дарыгердик практика борбору (тиш дарылоо)”, “Жалал-Абад облустук үй- бүлөлүк медицина борбору” мекемеси, “Ала-Бука райондор аралык Жалпы дарыгердик практика борбору (тиш дарылоо)” тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын прейскурантын макулдашты
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 “Аткаруу бийлик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000 жылдын 26 октябрындагы №637 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн тартибинин” негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү:
“Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жалпы дарыгердик практика борбору (тиш дарылоо)”- 2023-жылдын 16-майындагы №32-буйругу менен 65 позицияда;
“Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борбору” мекемеси – 2023- жылдын 24-майындагы №37-буйругу менен 1 позицияда;
“Ала-Бука райондор аралык Жалпы дарыгердик практика борбору (тиш дарылоо)”- 2023-жылдын 25-майындагы №38-буйругу менен 36 позицияда.

