
Социалдык сурамжылоо
13.05.2023
Жайыл, Сокулук, Ысык-Ата райондорунда, ошондой эле Токмок шаарында эттин базардагы чекене баасына мониторинг жүргүзүлдү
14.05.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Бишкек шаарынын ветеринардык кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте, Бишкек шаарындагы Аламедин базарында эттин баасына мониторинг жүргүзуштү.
Мониторингдин жүрүшүндө, учурдагы эттин бааларына көнул бурулду.
Кой этинин бир аз кымбаттаганы байкалып. Эт сатуучу ишкерлердин билдиргенине караганда баалардын көтөрүлүшү сезондук шарттарга байланыштуу.
| Аталышы | 12.05.23г. | 12.04.23г. | 11.01.23г. | ||||||
| Цена сом/кг. | Цена сом/кг. | Цена сом/кг. | |||||||
| мин | макс | орточо | мин | макс | орточо | мин | макс | орточо | |
| Кой эти | 500 | 580 | 540 | 408 | 550 | 515 | 480 | 540 | 510 |
| Уй эти | 520 | 590 | 555 | 520 | 590 | 555 | 520 | 590 | 555 |
| Чочконун эти | 430 | 500 | 465 | 420 | 490 | 455 | 410 | 490 | 450 |
Таблицадан көрүнүп тургандай:
кой эти – 12.04.2023 менен салыштырганда эттин орточо баасы 25 сомго, же 4,85% га жогорулаган.
11.01.2023 менен салыштырганда эттин орточо баасы 30 сомго, же 5,88%га жогорулаган.
уй эти – ошол эле мезгилде баа өзгөргөн жок.
чочконун эти – 12.04.23 менен салыштырганда баасы 10 сомго, же 2,22%га жогорулаган. 11.01.2023 менен салыштырганда. баасы 15 сомго, же 3,33%га жогорулаган.





