
Ачык эшик күнү
27.04.2023
Ичүүчү суу боюнча жыйын өттү
29.04.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү “Аксы райондук Жалпы дарыгердик практика борбору (тиш дарылоо жана башка кызмат көрсөтүү)”, “Кан-Ачуу мамлекеттик жаратылыш паркы” мекемеси, “Жалал-Абад облусунун Сузак районунун үй-бүлөлүк медицина борбору”, “Токтогул райондук суу чарба башкармалыгы” тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын прейскурантын макулдашты
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы No85 “Аткаруу бийлик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000 жылдын 26 октябрындагы No637 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн тартибинин” негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү: “Аксы райондук Жалпы дарыгердик практика борбору (тиш дарылоо жана башка кызмат көрсөтүү)”- 2023-жылдын 27-апрелиндеги No28-буйругу менен 102 позицияда; “Кан-Ачуу мамлекеттик жаратылыш паркы”- 2023-жылдын 26-апрелиндеги No27-буйругу менен 7 позицияда; “Жалал-Абад облусунун Сузак районунун үй-бүлөлүк медицина борбору”- 2023-жылдын 26-апрелиндеги No26-буйругу менен 2 позицияда; “Токтогул райондук суу чарба башкармалыгы”- 2023-жылдын 18- апрелиндеги No22-буйругу менен 9 позицияда макулдашылды.

