
КММ рыногунда баалардын өзгөрүшү
05.04.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү “Жалал-Абад областтар аралык ден соолукту калыбына келтирүү “Бакыт” борбору” тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын прейскурантын макулдашты
06.04.2023Буткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын профсоюз комитети “Мен дүкөнгө баратам”, “Керектөөчу балдардын көзү менен” аталышта эмгек жамааттын балдары үчүн сүрөт сынагын жарыялаган. Сынакка жалпы 20дан ашык жаш балдардын сүрөт эмгектери кабыл алынып, жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу белектерге ээ болушту.
Иш-чара Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан, Буткүл дүйнөлүк керектөөчулөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата, 2023-жылдын 1нен 30-мартына чейин жарыяланган “Сабаттуу керектөөчү – жоопкерчиликтүү бизнес” аталышындагы бир айлык пландык иштердин алкагында өткөрүлдү.












