
Жалал-Абад шаарында мамлекеттик символикалар боюнча жыйын өттү
05.04.2023
Балдардын сүрөт сынагы жыйынтыкталды.
06.04.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү майлочу майлардын (КММ) баалары негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында, айрыкча жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө, Бишкек шаарындагы жана аймактардагы май куйуучу жайларда КММга болгон бааларга жума сайын мониторинг жүргүзүүдө.
Кызмат тарабынан нефтетрейдерлер менен жүргүзүлүп жаткан алдын ала эскертүү иш-чаралардын алкагында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы туруктуу, ал эми дизел отунунун баасы бир аз арзандоодо.
2023-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин акырындык менен төмөндөөнүн натыйжасында баа рыноктун негизги катышуучулары тарабынан 5,3-6,6 сомго чейин төмөндөгөн.
Төмөнкү таблицада Бишкек шаарындагы май куйуучу жайларда баанын төмөндөшү боюнча тиешелүү маалымат көрсөтүлгөн.
Бишкек шаарынын май куюучу жайларында күйүүчү-майлоочу майга орточо чекене баалардын деңгээли (сом/литр)
| Аты | АИ-92 01.01.2023г | ДТ 01.01.2023г | АИ-92 04.04.2023г | ДТ 04.04.2023г | Сомго төмөндөгөн (АИ-92) | Сомго төмөндөгөн (ДТ) |
| Газпром нефть Азия | 59,5 | 75,7 | 52,9 | 74,1 | 6,6 | 1,6 |
| Ред петролеум | 57,8 | 73,6 | 52,5 | 71,9 | 5,3 | 1,7 |
| Бишкек петролеум | 57,9 | 74,4 | 51,9 | 71,9 | 6,0 | 2,5 |
| Роснефть | 58,5 | 75,9 | 52,9 | 75,9 | 5,6 | – |
| Партнер нефть | 57,9 | 74,4 | 51,9 | 71,9 | 6,00 | 2,5 |
Азыркы учурда республикада күйүүчү-майлоочу материалдардын запасы жетиштүү санда бар, бул өз кезегинде рыноктогу баалардын турукташуусуна оң таасирин тийгизет.
Март жана апрель айларында россиялык күйүүчү-майлоочу майлар рыногунун дүң сатуу сегментинде баанын өсүшү байкалып жатканын эске алып, республиканын нефтетрейдерлерине монополияга каршы кызмат тарабынан мунай продуктыларына баанын кескин өсүшүнө жол бербөө боюнча сунуштар берилди.
КММ рыногу монополияга каршы орган тарабынан туруктуу байкоо жүргүзүү зонасында жайгашкан. Күйүүчү-майлоочу материалдарга баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөөгө багытталган зарыл иштер системалуу негизде жүргүзүлүп, КММ рыногунун катышуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.


