Осмонов Ынтымак Жумаматович

Ош облустук бөлүмүнүн башчысы

Ош шаары, Ленин көч. 221, тел:0 3222 5 50 97

14.06.2023
Ноокат районунун базарында жана ири соода дүкөндөрүндө мониторинг жүргүзүлдү
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Ынтымак Осмонов жана бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 13-июнь күнү Ноокат районунун базарында жана ири соода дүкөндөрүндө эттин бааларына жана социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлдү. Учурда уй этинин 1 кг чекене баасы – 500 сомдон, ал эми кой этинин 1 кг чекене баасы – 600 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. […]
09.06.2023
Кара-Суу районунда эт бааларына мониторинг жүргүзүлдү
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Ынтымак Осмонов 2023-жылдын 8-июнь күнү Кара-Суу районунун базарында жана ири соода дүкөндөрүндө эттин бааларына жана социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүздү. Мониторингдин жүрүшүндө уй этинин 1 кг чекене баасы 550 сомдон, ал эми кой этинин 1 кг чекене баасы 600 сомдон сатылып жаткандыгы маалым болду. Мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө […]
31.05.2023
Ош облустар аралык онкология борбору тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү медициналык кызматтарынын тарифтери макулдашылды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри н (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы №637 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартиби жана Ош облустар аралык онкология борборунун кайрылуусунун негизинде, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош […]
30.05.2023
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде берилген эскертмени убагында аткарбагандыгы үчүн “Семья” кондитердик үйүнө Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 13000 сом айып пул салынды.
15.03.2023
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча семинар өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 15 мартында Ош соода-экономикалык колледжинде студенттердин жана окутуучулардын катышуусунда «15-март Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнү» деген темада окутуу семинар өткөрдү. Семинарда Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдын талаптары жана Монополияга каршы органдык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар айтылып, катышуучулардын суроолоруна жооптор берилди. Окутуу […]