
Ош шаары боюнча башкармалыгы КР “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамын бузгандыгы үчүн эскертме кагазы берилди
08.06.2023
Бишкек шаарынын соода түйүндөрүндө Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Жарнак жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча мониторинг жүргүзүү жөнүндө
09.06.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Ынтымак Осмонов 2023-жылдын 8-июнь күнү Кара-Суу районунун базарында жана ири соода дүкөндөрүндө эттин бааларына жана социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүздү. Мониторингдин жүрүшүндө уй этинин 1 кг чекене баасы 550 сомдон, ал эми кой этинин 1 кг чекене баасы 600 сомдон сатылып жаткандыгы маалым болду. Мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу мыйзам талаптарын так аткаруу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.






