16.05.2024
Кызматтын дарегине сапатсыз кызмат алууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселеси боюнча Д. К. аттуу жарандан жазуу жүзүндөгү кайрылуу келип түшкөн. Билдирүүгө ылайык, керектөөчү “П..” салонунда чач өстүрүү курстарына жазылган. Чачты өстүрүү боюнча окутуучу мастер жаранды жумасына 3 жолудан, бир ай бою теориялык жана практикалык сабактарды жана курстарды аяктагандыгы жөнүндө тиешелүү сертификатты берүүгө милдеттеме алган. Ошол эле учурда, бир айдын ичинде окутуучу […]
28.03.2024
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жыл сайын 15-март күнү белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата, 2024-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин «Керектөөчү жана ишкер өнүгүү үчүн ишеними» деп аталган бир айлык жарыялаган.Сынакка жаш балдардын сүрөт эмгектери кабыл алынып, жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу белектерге ээ болушат. Сынактын максаты – жеткинчектерге керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу түшүнүк берүү жана аң-сезимин өстүрүү.
25.03.2024
Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жыйындар залында Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин студенттеринин катышуусунда тегерек стол болуп өттү.Тегерек столдун жүрүшүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормалары боюнча лекция окулуп, маалымат берилди. Студенттер менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү, медициналык жана билим берүү тармагындагы кызмат көрсөтүү боюнча актуалдуу маселелер […]
19.03.2024
Кызматтын дарегине Ж.А. аттуу жарандан сатып алынган товар үчүн төлөнгөн акча каражатын кайтарып берүү маселеси боюнча жазма кайрылуусу келип түшкөн.Билдирүүгө ылайык, керектөөчү “В..Т..” дүкөнүнөн велосипед сатып алган, бирок үйгө келгенде велосипеддин кээ бир тетиктеринде завод жетишпестиктери (ылдамдыкты башкаруу механизмдери жана тормоз рычагдары же моноблоктор) бар экенин байкаган.Ошого байланыштуу, керектөөчү эртеси күнү “В..Т..” дүкөнүнө сатып алынган велосипеддин акча каражатын кайтарып же […]
14.03.2024
Борбордук аппараттын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ак ниет эмес атаандаштык бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк Манас университетинин Экономика жана башкаруу факультетинде студенттерге “Керектөөчү укугуңду бил” аттуу жолугушуу семинарын өткөрдү. Керектөөчүлөр арасында эң кызыктырган суроолор: Керектөөчүлөр үчүн атайын даярдалган, видео роликтер көрсөтүлдү.






