22.11.2023
Бүгүн, 2023-жылдын 22-ноябрь күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования төрагасы Г.К.Асылбаева Кант шаарындагы «Белая Река» маркасы менен таанымал, сүттү кайра иштетүүчү «Кант Сүт» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.Заводдун директору Ж.А.Джон чийки сүттү кабыл алуудан баштап даяр продукцияга чейинки өндуруштүк процесс менен тааныштырды.
17.11.2023
Окутуунун жыйынтыгы боюнча кызматкерлерге сертификаттар берилди.
Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик Башкаруу Академиясы тарабынан “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын” ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери үчүн 40 саатка созулган “Иштиктүү кыргыз тили”. Кыргызтестке даярдык көрүү” курсу өткөрүлдү. Окутуунун жыйынтыгы боюнча кызматкерлерге сертификаттар берилди.
11.11.2023
Мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенден тартып Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды мамлекеттик жөнгө салуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалымат
Кызмат тарабынан мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенден тартып 2023-жылдын 10-ноябрына чейин белгиленген бааларды туура колдонууну камсыздоо боюнча контролдук иш-чаралар жүргүзүлдү: Аймактык бөлүмдөр Чыгуулардын саны Камтылган чарбалык субъекттердин саны (түшүндүрүү иштери)     Берилген эскертүүлөрдүн саны Салынган административдик айыптардын саны Бишкек ш. 51 87 10 4 Чуй облусу 14 127 5 2 Ош ш. 14 101 4 1 Ош облусу 13 81 […]
03.11.2023
Ереванда КМШга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларын биргелешип иликтөө боюнча штабдын жыйыны өттү.
 2023-жылдын 2-ноябрь күнү Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарынын бузулушун биргелешип иликтөө боюнча штабдын 41-жыйыны өттү.   Жыйынга Россиянын, Беларусиянын Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын монополияга каршы органдарынын өкүлдөрү катышты. Анын ичинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования төрагасы Г.К.Асылбаева да катышууда.    Штабдын жыйынында атаандаштыкка жана монополияга каршы саясатка байланыштуу бир катар маселелер каралды. Атап […]
26.10.2023
Кыргызстанда көмүргө максималдуу баалар белгиленди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы №133 буйругун аткаруу максатында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын облустары, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча көмүрдүн баасынын максималдуу деңгээли белгиленди:    Аймактар боюнча көмүрдүн баасы, өндүрүлүп чыккан жердин (карьер) алыстыгына, казып алуу […]