02.03.2024
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун күнүнө карата Кызмат тарабынан бир айлык жарыялангандыгын маалымдайт
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун күнүнө карата Кызмат тарабынан бир айлык жарыялангандыгын маалымдайт. Кызматтын төрагасы Г.К. Асылбаеванын 2024-жылдын 19-февралындагы №34 буйругу менен 2024-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин “Керектөөчү жана ишкер – өнүгүү үчүн ишеним” айлыгын өткөрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Бул тема Евразия экономикалык комиссиясы […]
05.02.2024
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылда аткарган ишинин жыйынтыктары жөнүндө коллегиялык отуруму өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат) коюлган максат жана милдеттерине ылайык, 2023-жылдын иш планына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин чечимдерине ылайык, 2023-жылда төмөндөгү иштерди аткарды: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программаларын, жалпы мамлекеттик жана Кыргыз Республикасынын улуттук программаларын/долбоорлорун […]
02.02.2024
Бишкек шаарында көмүр баалары туруктуу
Бүгүн, 2024-жылдын 2-февраль күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования борбордук аппараттын кызматкерлери тарабынан шаардагы көмүр сатчу базаларда мониторинг жүргүзүлдү.  Бүгүнкү күндө көмүрдүн баасы 4000 сомго чейин ал эми тандалган түрү 4700 сомдон сатылууда.   Мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
27.01.2024
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана ун чыгаруучу ишканаларынын ортосунда рынокту сапаттуу буудай уну жана мал чарбачылыгы үчүн тоют менен жеткиликтүү баада камсыз кылууга багытталган кызматташуу жөнүндө Макулдашуу түзүлдү.Макулдашууга республикада ун жана нандын бааларын туруктуу кармоо ошондой эле ун чыгаруучу ишканалардын милдеттенмелери камтылган.Макулдашуу 2024-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
08.01.2024
Кара-Балта шаарында тоок этинин бааларына мониторинг жүргүзүлдү
2023-жылдын 8-январь күнү Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын базарларында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования тоок этинин баасына мониторинг жүргүзүштүСатуучулардын айтымында, тоок этинин азыктарынын баалары мурдагыдай эле. Кызматтын адистери базардын администрациясы менен да жолугушуу өткөрүштү. Анда маалым болгондой учурда тоок этинин баалары туруктуу.Сатуучуларга социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин №455 токтомуна […]