Султангазиев Кумарбек Абдыкалыевич
Бишкек шаарынын бөлүмүнүн башчысы

Бишкек шаары Чүй пр. 114 4-кабат 423 каб. тел:0312 66 49 44

20.11.2023
Бишкек шаарында жарнактар боюнча айып пулдар салынды
Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаардагы тышкы жарнактарга мониторинг жүргүзүлдү.Мониторинг учурунда аныкталгандай, бут кийим дүкөнүнүн жарнактары, жеке менчик медициналык борбордун жана кийим саткан дүкөндүн жарнак маалыматтары мамлекеттик тилге которулган эмес. Ошондой лицензия номери да болгон эмес.Бул КР «Жарнак жөнүндө»Мыйзамынын 5-беренесине карама-каршы келет.Белгиленген мыйзам бузуулар боюнчаадминистративдик протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 51 000 сомду түзгөн административдик айып пулдар салынды.
17.11.2023
Бишкекте нан менен көмүр баасы боюнча айып пул салынды
15-16-ноябрь күндөрү Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери, Октябрь жана Ленин райондук администрациясынын жана салык кызматынын өкүлдөрү менен нан баасына мониторинг жүргүзүштү.Жыйынтыгында тандыр нан саткан ишкерге 3 протокол түзүлүп, 9 000 сом көмүр сатуучуга 5 5000 сом айып пул салынды.
02.11.2023
Бишкек шаарында нандын баасына мониторинг жүргүзүлдү
2023-жылдын 2-ноябрында Бишкек шаарынын аймагында 1-сорттогу ундан жасалган буудай нанына (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды жөнгө салуу максатында, КР экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарынын Свердлов районунда биринчи сорттогу ундан жасалган буудай нанына максималдуу бааларды сактоо маселеси боюнча иш-чаралар (мониторинг) жүргүзүлдү. […]
20.10.2023
Бишкек шаарында нан бааларына мониторинг жүргүзүү уланууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомун, 2023-жылдын 3-октябрындагы № 129 “Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу унунан жасалган нан (бөлкө нан) нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” буйругунун Кыргыз Республикасынын […]
18.10.2023
Бишкек шаарында нан бааларына мониторинг уланууда
Бүгүн, 2023-жылдын 18-октябрь күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары жана салык кызматынын адистери менен биргеликте Свердлов жана Октябрь райондорунун аймагындагы нан бышыруучу жайларда жана наабайканаларда 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан азыктарынын бааларына мониторинг жүргүзүштү.Мониторингдин жүрүшүндө нан азыктарын өндүрүүчүлөр (нан бышыруучулар) жана сатуучуларга биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр […]