19.12.2022
Мамлекеттик материалдык резервдер фонду сатуучу дизель отунунун баасы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө үчүн макулдашылды
Кыргыз Рсспубликасынын азык-түлук коопсуздугун камсыз кылуу максатында, ошондой эле республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана жайкы дизель отуну менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 181-р буйругунун 3 пунктун аткаруу алкагында, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду сатуучу дизель отунунун баасы 60сом/литр деңгээлинде макулдашылды. Дизель […]
19.12.2022
2016-жылдын 4-ноябрындагы өткөн ачык конкурстарынын жыйынтыгы боюнча
2016-жылдын 4-ноябрындагы өткөн ачык конкурстарынын жыйынтыгы боюнча, конкурстук тандоону ийгиликтүү өткөн 1 талапкер Мамлекеттик административдик кызматындагы Талас областык бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна дайындалды.
19.12.2022
Мамлекеттик агенттиктин ички кадрлар резервинде катталган жана бул кызматка коюлган квалификациялык талаптарга ылайык келген адистердин арасында Мамагенттиктин жарнама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ак ниет эмес атаандаштык жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетектөөчү адиси бош административдик кызматын ээлөөгө ички конкурс өткөрүлөт.
Квалификациялык талаптар: Кесиптик билим деңгээли: – жогорку экономикалык жана/же юридикалык билими. Стажы жана иш-тажрыйбасы: – эмгек стажына (тажрыйбасына) талап коюусуз. Кесиптик компетенциясы: Билими: – Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”. – 2012-жылдын 2-июнундагы №362 “Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамын бузуу тууралуу иштерди карап […]
19.12.2022
Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын акы төлөмө кызматынын прейскуранты макулдашылды
Баткен облустук бөлүмдүн адистери тарабынан Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-февралындагы №85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы №637 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо» тартибинин  негизине ылайык Кыргыз Республикасынын […]
19.12.2022
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борбору” мекемесине пландык текшерүү жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борбору” мекемесине пландык текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында “Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору” мекемесине тарифтерди (баанын) көтөрүлгөнү аныкталып айып пул салынды. Прейскуранттагы тарифтин баасын 62% төмөндөдүү, Нарын облустук бөлүмү тарабынын 2022-жылдын 8-декабрь айында №01-13/34 буйругу менен макулдашуудан өттү.