19.12.2022
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Түп айылында жарнама баннеринде мамлекеттик тилдин жоктугу үчүн айып пул салды
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Түп районунун, Түп айылында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндөгү” Мыйзамынын 5-ст. 3 пунктуна дал келбегендиги тууралу акт түзүлүп, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 403 ст. ылайык 170 эсептик көрсөткүч эсебинде айып пул салынды.
15.12.2022
2022-жылдын 1-кварталындагы Текшерүү планынын негизинде мамлекеттик акы төлөнгөн кызматтарды көрсөткөн аткаруу бийлик органдарына жана алардын ведомстволук мекемелерине 15 пландуу текшерүү өткөрүлгөн
2022-жылдын 1-кварталындагы Текшерүү планынын негизинде мамлекеттик акы төлөнгөн кызматтарды көрсөткөн аткаруу бийлик органдарына жана алардын ведомстволук мекемелерине 15 пландуу текшерүү өткөрүлгөн: – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрилигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору; – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрилигине караштуу Республикалык патологоанатомиялык бюросу; – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрилигине караштуу Республикалык клиникалык инфекционная ооруканасы; – […]
15.12.2022
Мамлекеттик агенттиктин жазма эскертүүсүн аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына айып пул салынды
 2021-жылдын 5-январында Кыргыз Республикасынын жараны С.А.Снын арызын кароонун алкагында, Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексинин 293-беренесин бузуу тууралуу ишти карады. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын ишин кароонун жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына мүчө болуп кирүүдө 20 000 сом өлчөмүндөгү кирүү төгүмү түрүндөгү тоскоолдукту алып салуу аркылуу монополияга каршы мыйзамды бузууну жоюу тууралуу  Мамлекеттик агенттиктин 2018-жылдын 24-октябрындагы №120 жазма […]
15.12.2022
Мамагенттик ” Компания Манас Менеджмент” ЖАКка монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү берди
2021-жылдын 11-июлунда, жалпыга маалымдоо каражаттарында 2021-жылдын 20-июлунан тартып, “Манас” аэропортунун бекетинде токтоочу жайда 15 мүнөт бекер тургандыгы жокко чыгарылат деген маалымат пайда болгон. Мамлекеттик агенттик бул маселени изилдөөнүн жүрүшүндө, «Компания Манас Менеджмент» ЖАКтын пландаштырылган иш-аракетинде, рынокто үстөмдүк абалынан кыянаттык менен пайдалануунун белгилери бар экендигин аныктады. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 18-1-беренесинин негизинде Мамлекеттик агенттик “Компания Манас Менеджмент” ЖАКка […]
15.12.2022
Конкурс өткөрүүдө монополияга каршы мыйзамды бузууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерди кылууга болбой тургандыгы тууралуу эскертме берилген.
Мамагенттик тарабынан №11 Муниципалдык аймактык башкармалыгына мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган лот номери 191122202119834 конкурсту өткөрүүдө монополияга каршы мыйзамды бузууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерди кылууга болбой тургандыгы тууралуу эскертме берилген. Себеби, аталган конкурстун техникалык талаптары атаандаштыкты чектөөчү шарттарды камтыгандыктан, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин талаптарына каршы келет.