13.03.2023
Токмок шаарында азык-түлүктөргө мониторинг жүргүзүлдү
Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 13-мартында Токмок шаарындагы ири азык-түлүк дүкөндөрүндө жана “Булак” базарында социалдык маанидеги товарларга мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө азык- түлүк сатуучу жайлардын сатуучуларына, суу май, кум шекер, эт жана башка товарлардын чекене баасын негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Белгилей кетсек, айрым азык-түлүк бааларынын баасы төмөндөгөнү байкалды.
13.03.2023
Токмок шаарынын аймагында КРнын«Жарнак жөнүндө» мыйзамынын нормаларын бузуунун алдын алуу боюнча мониторинг жүргүзүлдү
2023-жылдын 10-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын  Чүй областтык бөлүмүнүн кызматкерлери жана комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте Токмок шаарынын аймагында жарнак жөнүндөгү КР мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында тышкы жарнакка мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү “Жарнак жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарына ылайык келбеген 12 учурларын аныктаган алардан: 2 учур Мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктун бузгандыгы боюнча, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак мамлекеттик […]
10.03.2023
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Д. Тайлаковдун 8-март майрамына карата куттуктоосу
Урматтуу асылзат Апалар, эже-карындаштар! Жаз көктөмүн утурлай, жадырап кирип келген 8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктайм. Аялзаты дүйнөдө теңдешсиз аруу жан, кучагына ааламды батырган мээрими чексиз Эне. Аялзаты бар үчүн ар бир үйдө ыңаалаган наристе үнү жаңырып, коломтонун ысыгы өчпөй, түндүгүбүз бийикте көтөрүлүп турат. Аялзатынын кудурети, чыдамкайлыгы, чарчабаган мээнеткечтиги адам баласын алдыга умтултат. Кыргыз элибизде, кыз […]
10.02.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 6-февралындагы №3-буйругу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” Мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 6-февралындагы №3-буйругу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” Мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды. Макулдашылган көрсөткүч 15.
19.12.2022
2022-жылга “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн салынган айыптар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын метрологиялык көзөмөл башкармалыгы, 2022-жылда Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык 741 мин сом акчалай айып салынып, республикалык бюджетке өндүрүлдү, анын ичинде декабрь айында  85000 сом салынды. Декабрь айында төмөнкү жоопкерчилиги чектелген коомдорго: эс алуу борбору «Карвен 4 сезона», медициналык борбор «Новомед»,  мобильдик оператор «Нуртелеком», медициналык клиника «Элдик Фемили», […]