15.03.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 15 мартында Ош соода-экономикалык колледжинде студенттердин жана окутуучулардын катышуусунда «15-март Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнү» деген темада окутуу семинар өткөрдү. Семинарда Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдын талаптары жана Монополияга каршы органдык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар айтылып, катышуучулардын суроолоруна жооптор берилди. Окутуу […]
15.03.2023
Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Чүй областтык бөлүмүнүн кызматкерлери Кызматынын Планынын пункттарын ишке ашыруу ошондой эле тапшырмасын аткаруу максатында, Чүй областтык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата иш чара өткөрүү алкагында Токмок медициналык колледжине жана №106 кесиптик лицейинде “Керектөөчү, өзүндүн укугунду бил” деген темада студент окуучулар менен окуу лекция өткөрүлдү. Жүргүзүлгөн иш чарада Бөлүмдүн кызматкерлери, окуучулары […]
14.03.2023
2023-жылдын 14-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата Каракол шаарындагы И. Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжинде “Керектөөчү, укуктары бил!” темасына лекция өткөрүлдү.Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” мыйзамынын негизги багыттары, керектөөчүлөрдун жана сатуучулардын ортосундагы мамилелер, товарлардын сапаты жөнүндө маалыматтарды алышты. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча актуалдуу көйгөйлөр көтөрүлүп, суроо-жооптор […]
14.03.2023
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаковдун социалдык мааниге ээ азык түлүк товарларына болгон бааны турукташтыруу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында, Ош шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн азык-түлүк коопсуздугу боюнча комиссиянын мүчөлөрү Ош шаарындагы азык-түлүк сакталган кампаларга мониторинг жүргүзүштү. Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын адистери У.Шамшиева, А.Ажыбаев, Г.Рабшанбек кызы, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары С.Молдобаев, Ош шаардык салык кызматынын […]
14.03.2023
2023-жылдын 17-февралындагы ”Укук бузуулардын бирдиктүү реестирине кирүүгө укуктуу кызматкерлерди аныктоо жөнүндө” №18 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 2-пункттагы : ” — башчысы — Чегебаев Фархад Кагаздиевич.” сөздөрү башчынын м.а. – Сатыгулов Бейше Турдуевич” сөздөрү менен алмаштырылсын; Чүй облустук бөлүмүнүн пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “ – башкы адиси — Султангазиев Кумарбек Абдыкалыевич; – жетектөөчү адиси — Кенжешев Таалай Каныбекович.”









