24.03.2023
Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кадамжай районунун базарларында социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү
Ушул жылдын 23-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери, Кадамжай районунун жергиликтүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте Кадамжай районундагы базарларындагы сатуучулардын арасында социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү. Ошондой эле, бул иш-чаралардын жүрүшүндө «Атаандаштык жөнүндө» жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын нормаларын ишке ашыруунун алкагында түшүндүрмөлөр берилди. Ушундай эле иш-чаралар […]
24.03.2023
“Керектөөчү, өзүндүн укугунду бил” деген темада лекция өткөрүү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата иш чара өткөрүү алкагында К.Карасаев атынддагы Бишкек Мамлекеттик Университетинде “Керектөөчү, өзүндүн укугунду бил” деген темада лекция өткөрүлдү. Жүргүзүлгөн иш чарада Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан, товарларды сатууда (иш аткарууда, кызмат көрсөтүүдө) керектөөчүлөр менен даярдоочулардын, аткаруучулардын, сатуучулардын ортосунда […]
24.03.2023
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча маселелерди кароодо мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен кызматашуу тууралуу тегерек стол өтүлдү
2023-жылдын 23-мартында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери менен биргеликте керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча маселелерди кароодо муниципалдык органдар кызматашуу тууралуу түшүндүрүү иш-чарасы өтүлдү. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана алардын жол жоболору жөнүндө кеңири айтылып берилди. Андан сырткары иш жүзүндө керектөөчүлөргө кызмат  кылууда жана товар алууда анын сактоо мөөнөтөрү жана сапаттары бузулган учурлар аныкталган учурда, укуктук тараптан керектөөчү катары кантип коргоо керектиги боюнча […]
22.03.2023
“Кыргыз почтасы”ААК тарабынан көрсөтүлүүчү республиканын ичинде кагаз жүзүндөгү корреспонденцияларды жөнөтүү үчүн тарифтердин долбооруна коомдук талкуу жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген “Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, 2023-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында “Кыргыз почтасы” ААК тарабынан көрсөтүлүүчү республиканын ичинде кагаз жүзүндөгү корреспонденцияларды жөнөтүү үчүн тарифтердин долбооруна коомдук талкуу жүргүзүлдү. Талкууга министрликтердин, […]
16.03.2023
Академик И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинде “Керектөөчү, укуктарыңды бил!” темасына лекция өткөрүлдү
2023-жылдын 16-мартында Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата академик И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинде “Керектөөчү, укуктары бил!” темасына лекция өткөрүлдү. Лекциянын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” мыйзамын негизги багыттары менен, керектөөчүлөрдун жана сатуучулардын ортосундагы мамилелер менен, товарлардын сапаты жөнүндө суроолор менен таанышышты. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча актуалдуу көйгөйлөр көтөрүлүп, жана монополияга каршы […]