
Академик И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинде “Керектөөчү, укуктарыңды бил!” темасына лекция өткөрүлдү
16.03.2023
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча маселелерди кароодо мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен кызматашуу тууралуу тегерек стол өтүлдү
24.03.2023Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген “Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, 2023-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында “Кыргыз почтасы” ААК тарабынан көрсөтүлүүчү республиканын ичинде кагаз жүзүндөгү корреспонденцияларды жөнөтүү үчүн тарифтердин долбооруна коомдук талкуу жүргүзүлдү.
Талкууга министрликтердин, ведомстволордун, табигый монополия субъекттеринин жана ЖМКнын өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө жөнгө салынуучу кызматтардын өздүк наркын түзгөн чыгымдардын жана кирешелердин негизги беренелери боюнча толук маалымат берүү менен колдонуудагы тарифтердин өзгөрүшүнүн себептери жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Колдонулуп жаткан тарифтер 2019-жылы белгиленген.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча кошумча сунуштар жана эскертүүлөр келип түшкөн жок.






