16.05.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кароосунда “Маркетинг-Сервис” ЖЧКнын ичүүчү суу жана саркынды суу тарифтери каралып жатат.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кароосунда “Маркетинг-Сервис” ЖЧКнын ичүүчү суу жана саркынды суу тарифтери каралып жатат. Ошого байланыштуу Чүй облустук бөлүмү укуктуу орган мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, керектөөчүлөрдү жана алардын коомдук бирикмелери, жалпыга маалымдоо каражаттарын, көз карандысыз эксперттерди жана табигый монополиянын субъектерин баалардын (тарифтердин) долбоорлорун жана анын чектүү денгеелин ачык талкуулого […]
16.05.2023
Ош шаарында эт сатуучу жайларда мониторинг жүргүзүлдү
2023-жылдын 15-май күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы Эмил Мажитов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана ветеринардык кызматтын адистери менен биргеликте, борбордук базардын айланасындагы эт сатуучу жайларда мониторинг жүргүзүштү. Эт сатуучуларга уй, кой жана жылкы этинин бааларын негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүлдү. Ошондой эле эт сатуучу дүкөндөрдүн санитардык абалы да текшерилип, талаптагыдай абалга […]
16.05.2023
Нарында сапатсыз тейлөө боюнча текшерүү жүрдү
2023-жылдын 13-май күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнө, Нарын шаарынын РТС аймагындагы Сейил-Булак көчөсүнүн №21-үйүнүн тургуну Шаршекеев Марсбек “Альфа-Ойл РЕД Петролеум” ЖЧКнын май куюучу жайы боюнча арыз менен кайрылган. Арызды кароого Экономика жана коммерция Министрлигинин Нарын аймактар аралык башкармалыгы тарабынан, пландан тышкары текшерүү жүргүзүүгө №07210223-1 жолдомо алынып, атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси, […]
15.05.2023
Мамлекеттик символдор боюнча тегерек стол өттү
2023-жылдын 13-май күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Айнура Ахмеджанова баштаган адистер, Бишкек шаарынын №4 жалпы билим берүү мектебинин жыйындар залында тегерек стол өткөрүштү. Жыйынга Бишкек шаарындагы жалпы мектептердин өкүлдөрү катышты. Тегерек столдун максаты – «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун жана гербинин техникалык өзгөчөлүгү» тууралуу маалымат берүү болуп, атайын даярдалган презентация өткөрүлдү. Мамлекеттик символдорго коюлган талаптар боюнча […]
14.05.2023
Жайыл, Сокулук, Ысык-Ата райондорунда, ошондой эле Токмок шаарында эттин базардагы чекене баасына мониторинг жүргүзүлдү
Эттин баасын жогорулатпоого жол бербөө максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Жайыл, Сокулук, Ысык-Ата райондорунда, ошондой эле Токмок шаарында эттин базардагы чекене баасына мониторинг жүргүзүштү. Эттин орточо базар баасы төмөндөгүдөй: Жайыл району – кой эти 560-570 сом, уй эти 500-530 сом; Сокулук району – кой эти 560-570, уй эти 490-530; Ысык-Ата району – кой эти 560 […]